Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Акыйкатчы камактагы активист Мелис Аспековдон кабар алды
04.07.2022 | 11:21
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкектеги СИЗО-1де опузалоо жана алдамчылык боюнча айыпталып жаткан активист Мелис Аспековго барды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Акыйкатчынын айтымында, соттолгон адам кургак ачкачылык акциясын токтотту. Өз тарабынан ден соолугуна да даттануулар болгон – жүрөгүнө операция жасалгандан кийин ал тийиштүү реабилитациядан өткөн эмес.
«Кардиолог Аспековго койгон диагноз өкмөттүн 2018-жылдагы токтому менен бекитилген камоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине кирген ооруга дал келиши мүмкүн», – деп белгиледи Атыр Абдрахматова.
Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом