ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталары белгилүү болду

ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталары белгилүү болду

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2022-2023-окуу жылына ЖОЖдорго кабыл алуу былтыркыдай эле жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча онлайн түрдө жүргүзүлөт. Бирок босого баллы аныктала элек. Билим берүү министрлиги бүгүн же эртең бекитилет деп болжолдоодо.

Абитуриенттер буга чейин ЖРТнын катышуучусунун сертификаттарын алышкан, анда негизги жана предметтик тесттер боюнча алган баллдары көрсөтүлгөн.

ЖРТ сертификаттары бүтүргөн мектептин категориясына жараша ар кандай түстө болот:

кызыл түс — Бишкек мектептери;

көк — кичи шаарлардын жана райондук борборлордун мектептери;

сары — айылдык мектептер;

кызгылт көк — бийик тоолуу аймактарда жайгашкан мектептер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>