«Кыргызсериал» сериалдардын сценарийлерине сынак жарыяладыКыргызстанда космос тармагын 2031-жылга чейин өнүктүрүү программасы иштелип чыктыКыргыз тили жана география мугалимдерине 6 миң «Алтын Казык» ноутбугу берилетАлимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталуудаСентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулганКыргызстанда атаандаштыктын бузулушу боюнча арыздарды жаңы эрежелер менен кароо сунушталууда
Акыйкатчы камактагы активист Мелис Аспековдон кабар алды
04.07.2022 | 11:21
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкектеги СИЗО-1де опузалоо жана алдамчылык боюнча айыпталып жаткан активист Мелис Аспековго барды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Акыйкатчынын айтымында, соттолгон адам кургак ачкачылык акциясын токтотту. Өз тарабынан ден соолугуна да даттануулар болгон – жүрөгүнө операция жасалгандан кийин ал тийиштүү реабилитациядан өткөн эмес.
«Кардиолог Аспековго койгон диагноз өкмөттүн 2018-жылдагы токтому менен бекитилген камоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине кирген ооруга дал келиши мүмкүн», – деп белгиледи Атыр Абдрахматова.
Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом