Этникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилдиАдылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарын жыйынтыктады. Эмнелер тууралуу сөз болду?Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокКыргызстанда 2026-жылкы балык уулоо сезону расмий ачылдыГуанчжоу – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштадыОш көчөсүн капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды
Акылбек Жапаров Run the Silk Road марафонун ачты
14.05.2022 | 09:35
Run the Silk Road эл аралык марафонунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куттуктоо сөз сүйлөдү.
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Акылбек Жапаров алдыдагы жарышта ийгилик каалап, сергек жашоого үндөө үчүн ыраазычылык билдирди.
«Урматтуу спортчулар жана коноктор! Баарына президент Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык билдирем! Ысык-Көл дайыма дүйнөлүк спортчуларды күтүп келген. Бүгүнкү марафон өзгөчө, жеңүүчүлөр Борбордук Азия оюндарына аккредитация алышат. Искендер Зулкарнайн айткандай, жашоо – бул күрөш, спорт – чоң күрөш. Кийинки чуркооңузга ийгилик!” – деди төрага.
Ачылышка Жаштар саясаты, маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Азамат Жаманкулов да катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт