Алексей Ширшовго кандай кылмыш иштери козголгон? Прокуратуранын жообу

Алексей Ширшовго кандай кылмыш иштери козголгон? Прокуратуранын жообу

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иштерин санап, алардын жыйынтыгы кандай болгонун айтып берди.

Ал билдиргендей, Алексей Ширшовго 2010-жылдын апрель айынан баштап үч, ал эми 2014-жылы бир кылмыш иши козголгон.

Алар:

Биринчи кылмыш иши «Дастан» трансулуттук корпорациясынын акцияларын мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча козголгон. Кылмыш жана жаза кодексинин 221-беренесинин экинчи бөлүмү менен («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») козголуп, 2011-жылы январь айында соттун кароосуна жиберилген;

Экинчи кылмыш иши 2010-жылдын 30-июлунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы жана «Сити холдинг» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим деген негиз менен козголгон. Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси («Алдамчылык») боюнча ачылган иш 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жөнөтүлгөн;

Үчүнчү кылмыш иши Ширшов «Бишкек энергокомплекс», «Ресурс энергоуниверсал», «Бишкек газ проект» ЖЧКларынын жана «Кыргыз газ» ААКсынын ортосунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишим боюнча бир нече («Алдамчылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу», «Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу» жана «КР кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү») кылмыш иши ачылган. 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жиберилген.

Бул өкүм боюнча Ширшовдун жактоочулары даттануу арызын жазып, жогору турган Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-январында өкүм өзгөртүлгөн жана Ширшовго айып салынган.

Ал эми 2014-жылы 20-июнда Башкы прокуратура тарабынан Ширшовдун Ысык-Көл районундагы «Витязь» ЖЧКсындагы кыймылсыз мүлктөрдү улутташтыруудагы мыйзамсыз аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси (“Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу”) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы 19-ноябрда соттун кароосуна жиберген.

«2018-жылдын октябрында Октябрь райондук соту Алексей Ширшовду Кылмыш жана жаза кодексинин 309-беренеси менен күнөөлүү деп таап, кылмышка тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазадан бошоткон«, — деди маалымат катчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>