Акын Омор Султанов каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, көптөгөн популярдуу чыгармалардын, романдардын, сценарийлердин жана котормолордун автору болгон акын 3-апрелде каза болгон.
Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында туулган.
Акын менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эртең, 5-апрелде саат 10.00дө болот.
Омор Султановдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.