Акыркы суткада өлкө аймагында 186 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек — 62, Ош — 6, Чүй облусу – 43, Ош облусу — 8, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусу – 34, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу — 11.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 79 миң 845 адамга коронавирус жуккан, анын 73 миң 870и сакайды.
Ал эми соңку суткада вирустан 3 киши каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда жалпы 1 миң 340 адам илдеттин курмандыгы болду.