Кыргызстанда бир суткада үч адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир адам каза болгон. Каза болгондор эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустан 2671 адам каза болду.