Алтынбек Сулайманов: “Эл макулга мен макул”

Алтынбек Сулайманов: “Эл макулга мен макул”

Жогорку Кеңешке “Альянс” саясий партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Көк-Бел жана Исанов айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү калк А. Сулаймановду жакшы маанайда тосуп алып, айыл аксакалдары алдыдагы саясий жарышта “Альянс” партиясына ийгиликтерди каалашты.

Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу айтып жатып, Сулайманов эң башкысы элге тандоо укугу берилгендигине токтолду.

“Мурун шайлоодо партияга гана добуш берилчү. Азыр партиянын ичинен жаккан талапкерди тандап добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул мыйзамды Жогорку Кеңештен өткөрүү аябай оор болду. Талаш-тартыш, тирешүү менен коштолду. Эгер шайлоо таза өтө турган болсо, бул жолу татыктуулар гана парламентке келет”, — деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын аброю төмөндөп, ар кандай атка конгонун эске салган Сулайманов, анын демилгеси менен шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөрүүлөр күчтүү парламентти курууга шарт түзө тургандыгына токтолду. Ал бир мандаттуу шайлоо системасы боюнча дагы өз көз карашын билдирди. Айтымында, мындай система коомду кокту-колот, уруу-уруу болуп бөлүнүп-жарылууга алып келүүдө.

Талапкер эл менен болгон баарлашууда айыл өкмөт башчыларын эл түз шайлай турган системаны киргизүү маанилүү экенин айтты. Эл өз жетекчисин өзү тандап алышы керек деген Алтынбек Сулайманов, керек болсо мектеп директорунун дагы шайлоо жолу менен келүүсү учур талабы экенин кошумчалады.

Ал эми Исанов айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен болгон жолугушууда иштин көзүн билген мыкты адамдар “Альянска” чогулганын айтып, партиянын бюллетендеги катар номери тууралуу маалымат берип кетти.

“Биздин партия БШК өткөргөн чүчү кулакта 3-орунга жайгашты. Мен партиянын тизмесинде 5-орун менен бара жатам. Эгер мага добуш берүүнү кааласаңыздар, бюллетенде 3 менен 5 санын белгилейсиздер. Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерлигимди койгом. Бирок партиялаштарымды таштап кетким келген жок. Кайрадан партия менен бирге шайлоого аттанууну туура көрдүм. Команданын курамын таза адамдар жана басымдуу бөлүгүн билимдүү жаштар түзөт”, — деди ал.

“Альянс” партиясы бюллетенде №3, Алтынбек Сулайманов тизмеде №5

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-октябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>