Өлкө башчы транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өлкө башчы транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарбасынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.

Тармактын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, аны андан ары өркүндөтүүнүн пайдубалын түзүп берген урматтуу ардагерлерибизге терең ыраазылык билдирем.

Кыргызстан экономикасынын күрөө тамыры болгон жол тармагы, айрыкча, өлкө аймактарынын өнүгүүсү үчүн өтө зарыл шарт болуп саналат. Ошондуктан бул багытта жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу чоң мааниге ээ.

Азыркы учурда мындай маанилүү түзүмгө опол тоодой эмгек сиңирген чыныгы кесипкөй адистердин туруктуу жана абийирдүү эмгегисиз Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн элестетүү мүмкүн эмес. Мындан ары да өзүңөр ишмердик көрсөткөн чарбанын тынымсыз иштешин камсыз кылып, жүктөрдүн үзгүлтүксүз агымы жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз ташылышы үчүн жагымдуу шарт түзүү милдетиңерди татыктуу улантасыңар деп бекем ишенем.

Учурда мамлекет тарабынан жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө жогорку деңгээлде көңүл бурулууда. Өлкөбүздүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн, анын ичинде транспорт жана жол тармагындагы негизги багыттарды аныктаган бир катар стратегиялык документтер кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө бул жааттагы инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылды, бирок дагы бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу керек.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында алгачкы ирет ата мекендик куруучулар Балыкчы — Барскоон унаа жолун реконструкциялоо боюнча ири долбоорду өз алдынча баштады. Мындан ары өз жолубузду өзүбүз чаап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө бет алышыбыз абзел. Башталган иш-аракеттерибиздин өтөөсүнө чыгып, өлкөбүздү өргө жетелеп, элибизге ак кызмат кылалы!

Транспорт жана жол чарбасынын кымбаттуу кызматкерлери! Бул тармактын кадырлуу ардагерлери!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, республикабыздын жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган күжүрмөн жана ак ниеттүү эмгегиңиздер үчүн дагы бир ирет алкыш айтам.

Транспорт жана жол чарбасынын ар кыл жумуштарын аткарган кызматкерлердин баарына чың ден соолук, бакубат жашоо, иштериңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!”.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>