«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Ала-Арча дарыясынын үстүнө курулган бар бузулууда
11.04.2025 | 12:13
Бишкектин 10-кичирайондо жайгашкан Ала-Арча дарыясынын үстүнө курулган “111” бары бузулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Мындан тышкары буга чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксаат документтери жок 44 объект буздурулган.
Мэриянын маалыматында, Жер кодексинин 4-беренесине ылайык, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык көпүрөгө тургузулган объект муниципалдык менчик болуп саналат. Ошондой эле мекеме кырсык болгондо мындай объектилер чоң коркунуч жаратарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом