Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Үч аскер кызматкери каракчылыкка шектелүүдө
11.04.2025 | 12:44
Башкы прокуратура үч аскер кызматкери каракчылык кылмышына шектелип жаткандыгын кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын башында кылмыштуу топтун 10дон ашуун мүчөсү борбор калаадагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерине күч колдонуп, коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражаттарын тартып алышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, милициянын каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун Т.К.И. аттуу мүчөсүнүн катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Ошондой эле шектүү катары сегиз адам кармалып, алардын үчөө аскер кызматкерлери болгондугу такталган.
Учурда аталган каракчылык кылмышы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергелүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар