Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Алайда мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды
08.01.2025 | 11:38
Ош облусунун Алай районунда маал уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-декабрга караган түнү Курманжан Датка айыл аймагында бир тургундун 2 баш кою, дагы биринин 1 баш кочкору уурдалган. Аларга болжол менен 60 миң сом зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы Р.Б. жана 24 жаштагы Н.Н. уулу аттуу жарандар кармалган.
Милиция билдиргендей, шектүүлөр уурдалган койлорду мал базарга алып барып, сатып жиберген. Учурда уурдалган малды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка уурулук фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.