Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Аламүдүндөн жоголгон өспүрүм Ак-Ордодон табылды
09.02.2023 | 23:04
Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Аламүдүн айылынын тургуну 1984-жылы туулган Р.С атту жаран кайрылып, 2006-жылы туулган А.А аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Коомдук коопсуздук кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.А аттуу өспүрүм, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунан табылып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар