Месси Түркия, Сирияга жардам катары 3,5 миллион евро жөнөттү

Месси Түркия, Сирияга жардам катары 3,5 миллион евро жөнөттү

Футбол жылдызы Лионель Месси катуу жер титирөөдөн кийин Түркия менен Сирияга жардам катары 3,5 миллион евро жөнөттү. Бул тууралуу tiranapost басылмасы билдирди.

«Лионел Месси Түркия менен Сирияга жардам берүү үчүн 3,5 миллион евро жөнөттү», — деп билдирет түрк маалымат булагы.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын мамлекеттик желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Соңку маалыматтарга караганда, Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия жана Ракка провинцияларында 2,8 миңден ашуун адам каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>