Түркия президенти Эрдоган зилзала болгон жерге барды

Түркия президенти Эрдоган зилзала болгон жерге барды

Түркия парламентинде бүгүнкү добуш берүүдөн кийин кырсык болгон аймактын он провинциясында өзгөчө кырдаал жарыялоо чечими расмий түрдө күчүнө кирет. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган бейшембиде Газиантеп провинциясына келгенде журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал мамлекетке жер титирөө болгон аймактагы реалдуулукту бурмалоо аракеттерине, ошондой эле башка кылмыштуу аракеттерге, анын ичинде бааларды негизсиз жогорулатууга аракет жасоого каршы ыйгарым укуктарды берет.

Түркиянын президенти жер титирөөдөн бери мамлекет ири кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык ресурстарды жумшаганын баса белгиледи.

«Өкмөт модулдук шаарларды курууга күч жумшайт. Айрым структуралар чет өлкөдөн алынып келинет. Алардын баары кырсык болгон аймактын 10 провинциясына бөлүштүрүлөт. Бийлик бир жылдын ичинде кырсык болгон аймакта турак-жайсыз калган бардык жарандарды жаңы турак жай менен камсыз кылууну максат кылууда. 2-3-4 кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатабыз», — деди саясатчы.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын мамлекеттик желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Соңку маалыматтарга караганда, Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия жана Ракка провинцияларында 2,8 миңден ашуун адам каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>