«Ала-Тоолук-үмүт» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды – сүрөт

«Ала-Тоолук-үмүт» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды – сүрөт

«Алатоолук-үмүт» видеосынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Алатоолук-үмүт» видеосынагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Конкурстун эрежесине ылайык, тасма Кыргызстанды даңктаган эгемендүүлүк, ак калпак ынтымак, биримдик темаларын камтышы керек болгон.

Жалпысынан сынакка 17 жаштан 35 жашка чейинки  65 адам катышуу ниетин билдирген. Алардын ичинен 40 адам тасмаларды сынакка жөнөтүп, андан иргеп алуу комиссиясынын чечими менен 20 ролик тандалып, “Ютуб”, “Фейсбук” социалдык желелерине жүктөлүп, элдин сынына коюлган.

12-мартта сынак аяктап, жеңүүчүлөр аныкталган. Анда иргеп алуу комиссиясынын, уюштуруучулардын чечими  менен баш байге автоунаага татыктуу ролик жок деген чечим чыккан.

Калган орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

1-орун Алыбаев Канат жана Камиль уулу Куштарбек.

Ар бирине миң доллар, «Новостайл» курулуш компаниясынан 100 миң сомдук сертификат жана «Кыргыздын мыкты жигити» төш белгиси берилди.

2-орун Тынчтык Бугучиев.

Беш жүз доллар жана ЕРЕМ спорт клубунан 3 айлык сертификат менен сыйланды.

3-орун Канат Асанакунов, 30 миң сом жана «Новастайл» курулуш компаниясынан 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Калган 16 катышуучунун ар бирине 20 000  сомдон акчалай сыйлыктартапшырылган.  Мындан сырткары 20 катышуучунун баарына «Салих» компаниясынын азыктары берилген.

Долбоорго Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев дагы колдоочу катары катышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>