Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды

05.09.2023 | 13:50

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, аталган кызматты буга чейин Аида Төлөгөнова ээлеп келген. Анын эмне себептен кызматтан кеткени тууралуу маалымат жок.

Алмамбет Шыкмаматов 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2011-жылдын мартынан декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген. 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин Юстиция министри кызматын аркалаган.

2015-2019-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2021-жылы Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору, кийинчерээк, агенттик министрлик болуп өзгөртүлүп, министр кызматын ээлеген. 2021-жылдын сентябрь айында парламенттик шайлоого катышуу үчүн министрлик кызматтан кеткен.

2023-жылдын башында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башчысы болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top