УКМК: Ноокаттын тергөө судьясы чет өлкөнүн жараны экени аныкталды

УКМК: Ноокаттын тергөө судьясы чет өлкөнүн жараны экени аныкталды

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. (Байзаков Нурлан Марданович) чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Нурлан Байзаков 2016-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган. 2021-жылдын 26-июнунда ал президенттин жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Кийин, 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Белгилүу болгондой, Байзаков сотко талапкер катары тандоо процессинде чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган. Бул фактты УКМК аныктап чыккан.

Мыйзамга ылайык, Байзаковдун Кыргызстандын жарандыгынан тышкары, башка мамлекеттин атуулдугу да болгондуктан, ал сот кызматын ээлей албайт жана ээлебеши керек.

29-августта прокуратура тарабынан Соттор кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө соту Байзаковго карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Чет элдик жарандыгы бар экени аныкталган тергөө соту Нурлан Байзаков экенин Reporter.kg’ге өздүк булактар ырастады. Аны менен бирге президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 26-июнундагы жарлыгы боюнча Чүйдүн Москва райондук сотунун судья болуп дайындалгандардын катарында Нурлан Байзаков да бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>