«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадалады
Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө
05.09.2023 | 14:37
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 54 жаштагы К.Ж. аттуу жаран 25-августта болжол менен саат 07:00до үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Буга чейин аны шаардык милициянын кызматкерлери издеп, издөө иштеринен майнап чыккан эмес.
4-сентябрь күнү ӨКМдин “112” кызматына издөө иштерине көмөктөшүү тууралуу кайрылуу түшкөн.
5-сентябрда издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз