Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы пневмониядан каза болду
06.07.2020 | 11:15
Бүгүн, 6-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду. Бул тууралуу маркумдун үй-бүлөсүнүн жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шыкмаматовдун жубайы акыркы күндөрү Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.
Маркумдун артында жолдошу, төрт баласы калды.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Жанара Турдакунованын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом