Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүдө калган 16 киши куткарылды

15.12.2023 | 14:07

Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүдө калгандардын 16сы куткарылып, Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алар  Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй саат 11:40де жолго чыгышты.

Министрликтин маалыматында, Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан “Бишкек-Алмата” кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиянын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайлар уюштурулду.

Белгилей кетсек, кечээ Алмата-Бишкек жолунда 100-1500 унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай жолдо калганы айтылган. Кар күрткүдөн улам аталган трасса жабылып, унаа тыгыны пайда болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top