Нарындын базарлары дагы ижара акысын азайтты

Нарындын базарлары дагы ижара акысын азайтты

Нарын облусунун ири соода-базар ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин  төмөндөттү. Бул тууралуу УКМК кабарлап, соода жайлардын жетекчилеринин видео билдирүүлөрүн жарыялады.

Жалпысынан 19 базар ижара акысын арзандатты.

«Министрлер кабинетинин салык саясатын, реформаларын колдоп, соодагерлерге шарт түзүп берүүнү убадалайм», — дейт ишкерлер.

Ишкерлер соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, контролдук-кассалык машиналарды дагы бекер берет.

Коопсуздук комитетинин маалыматында, Нарын облусунда 2 миң 383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер иштейт.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ири соода түйүндөрүнүн ээлери эң бай адамдар экенин айтып, аларды ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырган. УКМКнын төрагасы контейнерлердин ижарасы акысы кымбаттыгын белгилеп, аны арзандатууну дагы тапшырган. Анын айтымында, базарлардагы контейнерлерди кожоюндарынын арасында аткаминерлер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы бар.

Ташиев: Базардын кожоюндары соодагерлерге шарт түзүп бербесе, алардын мүлкү мамлекетке өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>