Ноокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталдыБилим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитишти
Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш алды
13.04.2023 | 18:39
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин алды.
Ал бүгүн, 13-апрелде килем үстүнө чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.
Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашып, ага 9:4 эсебинде жеңилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз