Ногойбаев түз эфирдеги сөзүнөн улам тартиптик жазага тартылды

Ногойбаев түз эфирдеги сөзүнөн улам тартиптик жазага тартылды

Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевге түз эфирде айткан билдирүүсүнө байланыштуу кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин түз эфирде айткан сөздөрү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын, «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын, ошондой эле ички иштер органдарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын бир катар бузуулар аныкталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы  башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин эфирде жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча туура эмес билдирүүлөрү коомчулукта резонанс жаратып, ички иштер органдарынын дарегине терс билдирүүлөрдүн айтылышына себеп болгон.

Кызматтык иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевге кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.

«Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар мындай учурга туш болуп жатат: бирөөлөр менен таанышат, ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, анан ушундай окуялар болуп калууда. Албетте, жашы жете электер менен сексуалдык байланышта болгондорго жоопкерчилик каралган, ошондуктан эч ким жазасыз калбайт. Өз жанын кыйган кыз да турмушка чыгууну каалаган. Анын жашы жете элек болгондуктан, ушундай окуя болуп калды», — деген ал.

2021-жылы ноябрь айында 13 жаштагы кыз жоголуп, үч күндөн кийин табылган. Кыз табылгандан кийин зордукталганы белгилүү болгон. 2022-жылы апрель айында өспүрүм кыз өз жанын кыйган.

Башкы прокуратура билдиргендей, бул кылмыш ишин иликтөөдө милиция жана медицина кызматкерлери тарабынан «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «далилдерди бурмалоо» болгон. Ага байланыштуу соттук-медициналык эксперт жана эки тергөөчү кармалган. Андан тышкары, зокдуктоого шектүү милиция тарабынан камакка алынбагандыктан, быйыл январь айында шектүү камакка алынган.

Ошондой эле, тергөөнү токтотуу тууралуу милициянын чечими жокко чыгарылып, иш прокуратура тарабынан иликтенүүдө.

Ногойбаевдин сөзүнөң кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирүү баштап, ошондой эле, укук коргоочулар менен жарандар Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>