Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кеттиЧүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизме
Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш алды
13.04.2023 | 18:39
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин алды.
Ал бүгүн, 13-апрелде килем үстүнө чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.
Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашып, ага 9:4 эсебинде жеңилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз