Чукул билдирүү: Унаа жолдорго кар көчкү түшөт

Чукул билдирүү: Унаа жолдорго кар көчкү түшөт

Айрым унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-апрелден 17-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү түшөт.

Аталган жолдорго:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Алыска сапар чыгууда сак болуңуз. Жаныңызга дары-дармек, кургак тамак-аш, суу, жылуу кийим алыңыз. Унааңыздын ичинде дөңгөлөк чынжырчасы, күрөкчө, медициналык куту болушу зарыл. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта” деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кар көчкү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>