Альпинисттин өлүмү. Маркумдун досу кырсык тууралуу айтып берди — видео

Альпинисттин өлүмү. Маркумдун досу кырсык тууралуу айтып берди — видео

Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып кулап, каза болгон орусиялык альпинисттин өнөктөшү Константин Неплюев кырсык тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, досу жайдын башында эле Кыргызстанга билет алган. Келгенден кийин эртеси «Учитель» чокусуна чыгышкан.

“Чокуга чейинки жол 5 саатты түздү. Кайра түшүп келе жатканда 30-40 мүнөт болгондо жолдо мөңгү бар экен. Саша (ред.- каза болгон жаран) шашып кетип, мөңгүнү басып, тайгаланып кетти. Ал кармана албай, таштак жерден дагы төмөн кулап, болжол менен 50 метрдей кулап кетти. Бардыгы көз алдымда болду”, — деди альпинист.

Ошондой эле, ал досу катуу жаракат алганын, бирок алгач ал эсинде болуп, аны менен сүйлөшүп жатканын билдирди. Ал башка адамдарды жардамга чакырып, алар ӨКМдин куткаруучуларына билдиришкен. Куткаруучулар түнү менен аны түшүрүп келе жатканда досу үзүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, 14-августта «Учитель» чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>