Дастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя беришти
Бишкекте турак үйдөгү өрт чектөөгө алынды – видео
19.08.2022 | 12:08
Бишкек шаарында Ташкент көчөсүндөгү үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт саат 11:45те чектөөгө алынган.
“Турак үйдүн артында жеке менчик бала бакча жайгашып, өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Бактыга жараша жабыркагандар жок”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин күбөлөр жеке бала бакча өрттөнүп жаткынын билдиришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом