Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Алтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
31.03.2026 | 16:31

Бишкек шаарынын Алтымышев көчөсүндө Ала-Арча дарыясынын жээгин бошотуу үчүн курулуштарды бузуу иштери жүрдү. Мэриянын маалыматында, иш-чара өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техниканын өтүүсүн камсыз кылуу максатында аткарылды.
Иштин алкагында төмөнкү объектилер буздурулду:
- 57 метр темир тосмо;
- 6 жеңил типтеги объект;
- 4 күркө;
- 2 контейнер;
- аянты 80 чарчы метр болгон бастырмалар;
- 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоочу жай жана сулуулук салону);
- 12 чарбалык курулуш;
- 9 капиталдык тосмо.
Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Ал эми 5 жаранга жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жалпы 150 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, аталган көчөдө жайгашкан жана мамлекеттик актысы бар СПА-салондун жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом