Алтын-Ордо конушундагы Конгантиев атындагы көчөнүн аты өзгөрдү

Алтын-Ордо конушундагы Конгантиев атындагы көчөнүн аты өзгөрдү

Аламүдүн районунун Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) Молдомуса Конгантиев атындагы көчө Мурас деп өзгөрдү.

Айылдык кеңештин чыгарган токтомунун сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда шаарчадагы Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган  токтом  жокко чыгарылып,  жергиликтүү тургундардын көчөнү Мурас деп атоо сунушу жактырылгандыгы жазылат.

Белгилей кетсек, Алтын-Ордо конушундагы көчөлөрдүн бири  мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымын алып жүргөнү октябрь айында белгилүү болгон. Бул көрүнүшкө коомчулук таң калып, айрым жарандык активисттер нааразылык акцияга чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>