Апам тирүү деп ойлойм. “Жеңиш” чокусунда калган альпинисттин уулу жардам сурады

26.08.2025 | 11:45

“Жеңиш” чокусунда жаракат алып, калып калган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын уулу апасын сактап калуу өтүнүчү менен Россиянын Башкы прокуроруна, Тышкы иштер министрлигинин жетекчисине жана Россиянын Кыргызстандагы элчисине кайрылды. Бул тууралуу Baza Telegram каналы жазды.

Анын айтымында, апасы тажрыйбалуу спортчу.

«Апам альпинизм боюнча 2-разрядга ээ, ден соолугу чың, физикалык жактан мыкты. Мага жеткен видеодо байланыш үзүлгөндөн кийин 7 күн өткөндө да апам кол булгалап, күчкө толуп турганы көрүнүп турат. Мен апам азыркы күнгө чейин тирүү деп ишенем», — деди уулу.

Ал белгилегендей, жакшы аба ырайы жакынкы эки күндө гана сакталат, андан кийин куткаруу иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой калышы ыктымал.

Эске сала кетсек, 12-августта Наталья Наговицына “Жеңиш” чокусунан түшүп келе жатып бутунан жаракат алган. Ошондон бери аны алып түшүү аракеттери үзгүлтүккө учурап жатат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top