Армениянын премьер-министри Никол  Пашинян  отставкага кетти

25.04.2021 | 23:59
Армениянын премьер-министри Никол  Пашинян  отставкага кетти. Бул тууралуу өзү “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын отставкасын президент ушул эле күнү кабыл алды.

Эми Пашинян 20-июнга белгиленген парламенттик шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт.

Келерки шайлоодо “Жарандык келишим” партиясы менен катышып, кайрадан премьер-министрликке талапкер болот.

Scroll to Top