Арстан Алай №1 тергөө абагына бир айга камалды

Арстан Алай №1 тергөө абагына бир айга камалды

Диний кастыкты козутууга шектелип кармалган Арстан Алай №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын бөгөт чарасы 16-декабрда Октябрь райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөөчүсү соттон Арстан Алайды камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Арстан Алайды 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Арстан Алай 13-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Бирок, 14-декабрда, ал УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, Арстан Алайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин козголушуна Арстан Алайдын соцтармактар аркылуу жасаган билдирүүлөрүндө диний аралык кастыкты козутуунун белгилери табылганы себеп болгон.

Дайынсыз жоголгон Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>