Дайынсыз жоголгон Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Дайынсыз жоголгон Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Дайынсыз жоголду деп айтылып жаткан Арстан Алай (Арстан Абдылдаев)  УКМК тарабынан кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын маалымат боюнча, Арстан Алайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин козголушуна Арстан Алайдын соцтармактар аркылуу жасаган билдирүүлөрүндө диний аралык кастыкты козутуунун белгилери табылганы себеп болгон.

УКМК билдиргендей, Арстан Алай өзүн “жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп, башка диндерди алсыз, адашуу деп эсептеп, аларга терс баасын берип келген.

Арстан Алайдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, китеп, дептер, компьютер жана башка маалымат сактоочу заттар табылган.

Учурда ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин Арстан Алай дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал 13-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>