Балдарды сатып алып, аларга карата аморалдык аракеттерди жасашкан. Бишкекте 2 адам соттолдуКыргызстан Брюсселдеги сотто «Бакай Банктын» иши боюнча жеңишке жетти — Аскат АлагозовКыргызстан Анкарада өткөн халал-аккредитация боюнча биринчи Эл аралык конгрессте өз тажрыйбасын тааныштырдыСоттун оң чечимин убадалап, 26 миң доллар алган. Аламүдүн райсотунун судьясы кармалдыЫсык-Көл районунун мамлекеттик нотариусу коррупцияга шектелип кармалдыМинкаб шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты
Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 44 жашында каза болду
06.02.2020 | 09:45
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу Акаевдардын жакын туугандары билдиргенин 24.kg сайты жазды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, бүгүн, 6-февралга караган түнү анын жүрөгүнүн согушу токтоп калган.
Айдар Акаев 20-февралда 44 жашка чыкмак. Ал Москвада ишкерлик менен алектенчү. Анын артында жубайы, эки баласы калды.
Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин 4 баласы бар – Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом