БШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды
Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курат
03.11.2025 | 11:28

Асман жаңы шаарынын курулушу жеке курулуш компаниялары тарабынан жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Анын айтымында, шаарды куруу иши этап-этабы менен ишке ашырылат. Учурда курулуш компаниялардын бирине 100 гектар, экинчисине 80 гектар жер бөлүнгөн.
“Асмандын жалпы аянты — 4 миң гектар. Жаңы шаарды курууга бардык курулуш компанияларын чакырабыз, шарттар баарына бирдей. Каалоочулар жетекчиликке кайрылса болот”, — деди Сабиров.
Маалыматка караганда, долбоорго катышууну каалаган инвесторлор жана компаниялар Улуттук инвестиция агенттигине кайрылып, сунуштарын бере алышат.