Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Атамбаевдин адвокаты Эдил Байсаловду дебатка чакырды (ВИДЕО)
25.03.2022 | 13:12
Кыргызстандын мурдагы президенти Замир Жоошев Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду дебатка чакырды. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жолдоду.
“2019-жылы Алмазбек Атамбаев мыйзамга баш ийбегендиктен, курал менен алып келүүгө мажбур болгондуктан Кой-Таш окуялары болгон. Ошондо мыйзамга баш ийген эмес, азыр дагы колонияда баш ийбей жатат. Ошондуктан күч колдонуу менен сотко алып келгени туура деген ойду таратып жатасыз. “Атамбаев ошондо жана бүгүнкү күндө мыйзамга баш ийбей жатат”- деген сөзүмдү далилдеп бере алам десеңиз мен сизди каалган жериңизде КТРК болобу же фейсбукта болобу дебатка чакырам” – деди.
Эдил Байсалов эмне деди эле, бул шилтемден толук маалымат алыңыз…
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат