Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташты

Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташты

Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташты. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар билдиришти. 

Ага ылайык, Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн бизнесмен Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда келген коноктордун ортосунда жаңжал чыккан.

Анда Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Таалайбек Сабиров менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мушташа кетишкен.

Өздүк булактардын айтымында, саясатчылар ал учурда мас абалында болушкан жана сөз талаштын аягы кол көтөрүүгө чейин жетип, мушташ менен аяктаган. 

Белгилей кетсек, аталган той бир нече күн мурун Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн ага миңден ашуун адам келгени кабарланган. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>