Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев үй камагына чыкты

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев үй камагына чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, мурдагы улуттук коопсуздук кызматкери Канат Сагымбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу “Репортерго” Биринчи май райондук соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова кабарлады.

“Соттун бүгүн, 5-декабрдагы чечими менен Канат Сагынбаев 2021-жылдын 10- февралына чейин үй камагына чыкты. Азыркы тапта судья Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти”, – деди Момунова.

Канат Сагынбаевдин үй камагына чыккандыгын Атамбаевдин тарапташтары дагы социалдык тармактарга жарыялашууда.

Канат Сагымбаев 2019-жылдын сентябрь айында Кой-Таш окуяларындагы башаламандык боюнча кармалган. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык учурунда камактагы бир топ саясатчы менен бирге абактан чыгып, 5 күндөн кийин кайра кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>