Аялын өлтүрүп, сандыкка катып койгон адам 14 жылга кесилди

Аялын өлтүрүп, сандыкка катып койгон адам 14 жылга кесилди

Кара-Суу райондук соту аялын өлтүргөн деп айыпталган жаранды 14 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя 2022-жылы 1-декабрда катталган. Кара-Суу районунун 36 жаштагы тургунунун (аял киши) жансыз денеси өз үйүнөн табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу маркумдун жансыз денесин бөлмөлөрдүн биринен сандыктын ичинен табышкан.

Алдын ала экспертиза аялдын денесинде жаракаттар бар экенин көрсөткөн. Өлүмдүн себебин жана убактысын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Киши өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин Казакстанда сот жообуна тартылган. Маркум менен сегиз ай жарандык никеде жашаган. Аялдын артында төрт баласы калды.

Соттолуучу райондук соттун өкүмгө макул эмес жана ага каршы облустук сотко даттанууга ниеттенүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>