Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Айыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирди
30.07.2025 | 14:38

Быйылкы жылы кургакчылык болгонуна карабай сугат мезгилине 7 млрд. куб.м. суу берилип, 1 млн. 184 миң га жер сугарылды. Бул өткөн жылга салыштырганда 1 млрд. куб.мге көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында сугаруу мезгилинде дыйкан-фермерлер үчүн орчундуу көйгөйлөр жаралган жок:
- 2030-жылга чейин пландаштырылган 106 суу сактоочу бассейндин ону курулуп бүтүп, 12 объектиде курулуш иштери аткарылууда. Ал эми 29 объектиде долбоорлоо иштери жүрүүдө.
- Ошондой эле 429,5 км каналдар, 302 гидротехникалык курулмалар, 123 суу өлчөөчү посттор, 91 насостук станциялар, 156 насостук агрегаттар оңдолуп тазаланган.
- Ал эми тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасы жалпы 8 миң 365 га аянтта орнотулган.
- Мындан тыкшары 1 155 суу скважиналардын ичинен 30-у калыбына келтирилип, бетон полотносун чыгаруучу заводдун курулушу башталган. 2025-жылы 500 миң кв.м. каналга бетон полотносун орнотуу иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги, сугат