Азия чемпионаты: Бүгүн 5 кыргыз балбан күрөшөт

Азия чемпионаты: Бүгүн 5 кыргыз балбан күрөшөт

Бүгүн, 25-мартта Иорданияда күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Ал 30-мартта аяктайт.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим балбандарынын таймаштары өтүп, 55, 63, 77, 87 жана 130 кг салмактагылар күрөшөт.

Бүгүн кыргызстандык балбандардан Улан Муратбек уулу, Дөөлөтбек Чойбеков, Ырыскелди Максатбек уулу, Асан Жанышов жана Эрлан Манатбеков күч сынашат.

55 кг, чейрек финал

Улан Муратбек уулу – Ихтиер Ботиров (Өзбекстан)/Абдували Рахимбаев (Түркмөнстан) бетишинин жеңүүчүсү

63 кг, чейрек финал

Дөөлөтбек Чойбеков – Султан Ассетулы (Казакстан)/Умеш Умеш (Индия) беттишинин жеңүүчүсү

77 кг, 1/8 финал

Ырыскелди Максатбек уулу – Муслихиддин Уроков (Тажикстан)

87 кг, чейрек финал

Асан Жанышов – Шамил Ожаев (Казакстан)

130 кг, 1/8 финал

Эрлан Манатбеков – Фардин Шабан Хедаяти (Иран)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>