Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Туманбаев: Кыргызстан башка мамлекеттердин паспортторун чыгара баштады
24.03.2025 | 18:00
Кыргызстан башка мамлекеттердин паспортторун чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаев эки өлкөдөн паспорт чыгарууга буйрутма түшкөнүн айтып, бирок алардын атын атаган жок.
“Эки мамлекеттин паспортторун чыгарууга буйрутма алдык. Бүгүнкү күнү бир мамлекеттикин басып бүттүк. Мурда паспортторубузду чет жерлерде бастырып, канча деген акчаларды коротуп келген болсок, бүгүнкү күнү башка мамлекеттер бизге буйрутма берип, бизде паспорттор басылып чыгып жатат”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом