Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Азия оюндарында алтын уткан дзюдочу Шеров мекенине келди
29.09.2023 | 16:00
Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында дзюдо боюнча алтын байге уткан спортчу Эрлан Шеровду мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
“Манас” аэропортунда алтын байге уткан спорчу менен машыктыруучуларын тосуп алуу аземи болгон.
“Чемпионду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 26-сентябрда дзюдочу Эрлан Шеров 90 кг салмакта Азия оюндарынын алтын байгесин уткан. Шеров Азия оюндарында алтын байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз