Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 19:30да Ч. Айматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан белгисиз адамдар 17 миң сомдук Colussi велосипедин уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы И.Н. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары учурунда шектүү милиция кызматкерлерине уурдалган велосипедди кайтарып берген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Уурдалган велосипед

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>