Бишкекте жарандардан дээрлик $1 млн алып, АКШга качып кеткен адам издөөгө алынды

Бишкекте жарандардан дээрлик $1 млн алып, АКШга качып кеткен адам издөөгө алынды

Бишкекте «Чынар» соода борборунда иштеген кызматкер ондогон жарандын акчаларын алдап алып, Америкага качып кеткен. Бул тууралуу алданып калган жарандардын бири Ырыс Кутбердиев социалдык тармактарда билдирди.

Кутбердиевдин айтымында, ал быйыл жайында кофекана ачуу үчүн инвестордон 30 миң доллар алган. Кофекана үчүн орун издеп, аны «Чынар» соода борборунан тапкан. Ал жактан соода борбордун ижара бөлүмүндө иштеген кызматкер менен сүйлөшүп, орунду ижарага алмай болгон.

«Мага орун жакты. Аталган кызматкер «10 миң доллар депозит калтырыш керек» деди. Ал орунду алып коюш керек болгондуктан, акчаны бердим. Ал менен келишим түздүк. 1-июлда биз ал жерге жайгашып калышыбыз керек болчу. Мына азыр октябрь болоюн деп калды, орунду ала элекмин.

Мага чалышып, аталган кызматкер былтыр Грин-карт утуп алганын айтышты. Мага окшоп алданып калгандардын саны 100гө жетет. Алардын ар биринен 10-15 миң доллар алыптыр», — дейт ал.

Анын айтымында, соода борбордун кызматкери алданган жарандардын 2 млн долларга жакын акчасын алып, Америкага качып кеткен.

Алданып калган жарандар «Чынар» соода борборунун ээси (Нариман Түлеев – ред.) менен жолугуп чыгышкан. Ал бул маселени чечип, алданып калгандарга акчаларын кайтарып берерин убадалаган.

Түлеев жергиликтүү басыламадарга билдиргендей, ал алданып калган жарандарга өз чөнтөгүнөн акчаны кайтарып берүүнү чечкен. Алдын ала эсеп боюнча, «Чынар» соода борборунан ижарага орун алам деп, шылуундун кылтагына түшүп калгандар 700-800 миң доллар акчасын алдырып жиберген.

Свердлов райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча бардык керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми бул иште шектүү болгон З.Н. аттуу адам издөөгө алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>