Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
“Баатыр энелерге” айына 5 миң сомдон берүү сунушталууда
20.04.2023 | 20:05
Депутат Камила Талиева «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Баатыр энелерге” берилүүчү төлөм моралдык жактан колдоо болмок. Бул маселени Министрлер кабинетинин деңгээлинде карап, аларга 5 миң сомдон төлөп берүүнү суранам. Азыр болгону 1 миң сом каралган. Инфляцияны эске алып, сумманы көтөрүүнү сунуштайм”, – деди Камила Талиева.
Белгилей кетсек, жети же андан көп баласы бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана алышат. Ошондой эле, жети баласынын бири сот жообуна тартылган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана албайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом