Жергиликтүү бир катар судьялар иштен кетти

Жергиликтүү бир катар судьялар иштен кетти

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Өз каалоосу менен төмөндөгү жергиликтүү соттун судьялары кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду:

— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович;

— Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна;

— Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.

Ошондой эле, Судьялар кеңешинин сунушу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: судья

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>