Бийлик жол кырсыгына кабылган окуучулардан кабар алды

Бийлик жол кырсыгына кабылган окуучулардан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жарадар болуп Шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган балдардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага ооруканада жаткан 18 баланын абалы жана алардын дарылануусу тууралуу маалымат берилди.

Маалым болгондой, учурда реанимация бөлүмүндө 4 бала дарыланууда, алардын биринин абалы оор экени айтылууда, калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүнө жайгаштырылып, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп дарылоодон өтүүдө.

Эдил Байсалов балдардын өздөрү менен жана алардын ата-энелери менен жеке баарлашып, жарадар болгон балдар тез арада сакайып кетээрине ишенимин билдирди. Ал ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо көйгөйүнө көңүл буруп, жол эрежесин сактоодо, анын ичинде балдарды ташууну уюштурууда иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

МинКаб Төрагасынын орун басары жарадар болгон балдардын баарына тиешелүү дары-дармектер берилээрин белгилеп, Ички иштер министрлиги кырсыктын себептерин иликтеп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Сокулук районунун тез жардам кызматына кырсык тууралуу билдирүү саат 11:15тер чамасында түшүп, чакырууга эки бригада жөнөтүлгөн. Алгач алар тез жардам кызматы жана жеңил автоунаалар менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, андан соң Бишкек шаарындагы Медициналык жардам борборунун бригадалары аркылуу балдар шаардык балдардын тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түздү (20 бала жана 1 чоң адам). Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык балдар клиникалык ооруканасында ар кандай жаракат алган 20 бала жатат, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, үч баланын абалы туруктуу оор деп бааланса, бир баланын абалы өтө оор.

Ооруканага жаткырылган калган балдардын абалы туруктуу, алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык керектүү медициналык жардамдарды алууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Окуучулар кабылган жол кырсык: Жабыркаган балдардын саны өстү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>